НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 10 ТОКТОМУ
21-май 2019-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык «Жашылдандыруу» ишканасынын кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамына жана Нарын шаардык мэриясынын Нарын шаардык «Жашылдандыруу» ишканасынын акы төлөп аткаруучу кызматтардын бааларын бекитип берүү боюнча сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык «Жашылдандыруу» ишканасынын элге кызмат көрсөтүүнүн тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын биринчи вице мэрине, Нарын шаардык «Жашылдандыруу» ишканасына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, «Жашылдандыруу» ишканасына, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.
Тиркеме
Жашылдандыруу ишканасынын кызмат корсотуу тарифтери
- Бак-дарактардын көчөтүн сатуу;
- Бак-дарактарды кыркуу;
- Отун сатуу;
- Элге кызмат көрсөтүү;
- Бак-дарактардын көчөтүн сатуу (3 жылдан жогорку)
- 1) Турпан тал 1-1,5 метрге чейин 40 сом
- 2) Мырза терек 1-1,5 метрге чейин 45 сом
- 3) Сөгөт тал 1-1,5 метрге чейин 40 сом
- 4) Мажүрүм тал 1-1,5 метрге чейин 40 сом
- 5) Көк терек 1-1,5 метрге чейин 45 сом
- 6) Клен 1-1,5 метрге чейин 35 сом
- 7) Жийде бак 1-1,5 метрге чейин 30 сом
- 8) Өрук, алма, сливка 1-1,5 метреге чейин 45 сом
- 9) Липа 1-1,5 метрге чейин 45 сом
- 10) Кара бак 0,5-1 метрге чейин 5 сом
- Бак-дарактардын кыркуу иштерин аткаруу. 1 даана бак кыркуу дм 30-60 чейин-900 сом (мекемелер жана жеке адамдар үчүн).
- Отун сатуу:
1 метр куб отун – 650 сом
- — Автовышканын кызматы (күйүүчү майдан тышкары) бир саатка – 500 сом
— КАМАЗ автомашинасынын кызматы (күйүүчү майдан тышкары) бир саатка – 650 сом
Жооптуу катчы А.Абдыкеримов