НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 11 ТОКТОМУ
21-май 2019-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы №1, №2- каттамдардагы кичи автобустардын жол киресинин тарифин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктуна жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын караган Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы 3 туруктуу комиссиясынын 14-май 2019-жылдагы биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы №1-, №2-каттамдардагы кичи автобустарга чоң адамдар (жүргүнчүлөр) үчүн жол кире 2019-жылдын 1-июнунан баштап 10 сомго бекитилсин.
- Токтодун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж. Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга,шаардык мэрияга, облустук юстиция башкармалыгына;