НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
3 — март 2020-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамдарына, ошондой эле, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана туруктуу комиссиялардын сунуштарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планы тиркемеге ылайык (тиркелет) бекитилсин.
- Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына.
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2020-ЖЫЛГА КАРАТА ИШ-ПЛАНЫ_ТИРКЕМЕ