НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
3 — март 2020-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын айрым штаттык бирдигин Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасынын карамагына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Муниципалдык ишканалар арасында жумуштарды жөнгө салуу максатында Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын карамагындагы көчө шыпыруучу 10 (он) штаттык бирдикти Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасынын штаттык бирдигине которууга макулдук берилсин.
- Штаттык бирдиктерди которуу жана жайгаштыруу иштери 2020-жылдын 1-апрелине чейин бүткөрүлсүн.
- Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, Таза-Нарын, жашылдандыруу ишканаларына, финансы башкармалыгына.