ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 5/1 ТОКТОМУ
21-январь 2012-жыл Нарын шаары
Көкөтаева Жийде Шералиевнага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүүжөнүндө
Көкөтаева Жийде Шералиевна 1962-жылы 29-майда Тянь-Шань районундагы Эки Нарын айылында төрөлгөн. 1979-жылы орто мектепти аяктагандан кийин 1980-1984- жылдары Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы кыз келиндер институтун бҮтҮргөн. Эмгек жолун Нарын шаарындагы Кыргызстандын 60 жылдыгы атындагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенүү менен баштап, иштеги жетишкендиктердин натыйжасында окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ушул эле мектепте директор болуп иштеп келүүдө.
1994-2008-жылдары мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда сабак берип келген. 1997-жылы Нарын облусунда «Намыс» программасынын жеңүүчүсү болгон. 1994-жылдан бери Нарын шаарында «Мугалимдердин билимин өркөндөтүү институтунда» лектор болуп эмгектенип келүүдө.
1997-жылы Эл агартуунун отлични ги төш белгисин алган. 2006-жылы «Соң-Көлдү Манас жердеген» фестивалында Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигинин дипломуна татыктуу болгон. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министирлигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 1998-2008-жылдары Сорос фондусу боюнча эл аралык деңгээлде тренер болуп иштеген. 2008-жылы АКШнын Монтана штатында 1 айлык окууда болгон. Бүгүнкүкүндө Эл аралык уюмдарга ар кандай долбоорлорду жазуу менен мектепке керектүү инвентарлар менен камсыз кылып келүүдө.2008-жылдын октябрь айынан бери Нарын шаардык Кеңешинин депутаты.
Көкөтаева Жийдеге Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамын берүүжөнүндөгү Нарын шаарынын «Московский» чөлкөмүнүн жашоочуларынын, ата-энелер комитетинин жана депутаттык туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарынын билим берүүтармагына кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Көкөтаева Жийде Шералиевнага Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Көкөтаева Жийде Шералиевнага атайын жазалган үлгүдөгүНарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгүтапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
ЖөнөтҮлсҮн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, Ж.Көкөтаевага