НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VIII  СЕССИЯСЫНЫН

3 ТОКТОМУ

16-декабрь 2021-жыл                                                                                                                                                                            Нарын шаары

 

Нарын шаарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексине” жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, 2018-жылдын 20-ноябрында Нарын шаардык мэриясы жана Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту менен түзүлгөн келишимдин негизинде Нарын шаарынын Башкы планынын долбоору иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексине”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын Башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” №490 токтомунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана туруктуу комиссиялардын сунуштарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту тарабынан иштелип чыккан Нарын шаарынын Башкы планы жана анын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү жалпысынан бекитилсин.
  2. Нарын шаарынын Башкы планы коомдук маалымдуулук үчүн Нарын шаардык мэриясынын кызматтык имаратындагы жеткиликтүү жерде схема түрүндө жайгаштырылсын.
  3. Шаар аймагында ар кандай имараттарды жана курулуштарды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан) жана жеке адамдардын шаардын башкы планында көрсөтүлгөн чектерин сактоосу Нарын шаардык мэриясы жана тиешелүү мекемелер тарабынан катуу көзөмөлгө алынсын.
  4. Токтомду жалпысынан аткаруу Нарын шаарынын мэрине жүктөлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Муниципалдык, менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга.

Добавить комментарий