НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
16-декабрь 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү баалардын калькуляцияларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча”, «Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссияларынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын автоунаалар менен Нарын шаарынын ичинде калкка кызмат көрсөтүүдөгү бааларынын калькуляциялары тиркемеге ылайык бекитилсин (1, 2 -тиркемелер тиркелет).
- Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы тарабынан аткарууга алынсын, токтом 1-январь 2022-жылдан баштап күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, облустук юстиция башкармалыгына, туруктуу комиссияларга, жашылдандыруу ишканасына;
1-тиркеме
Манипулятордун кызмат көрсөтүү калькуляциясы
Балансалык баасы — 1450000 сом.
- Айдоочунун бир жылдык эмгек акысы 13050 с. 1-айлык эмгек акысы х 12 ай, эмгек оргуусу = 169650 сом.
- Соцфондго которуулар 17,25 % = 29265 сом
- Амортизация 25% = 362500 сом
- Ремонттук фонд 5% = 72500 сом
- Айдоочунун кийими (кышкы.3000 сом, жайкы. 1700 сом) = 4700 сом
- Тамак аш 30 сом 1 кунго х 250 кун = 7500 сом
Баары: 646115 сом
7.Куйуучу майлоочу майдын (КММ) чыгымы:
— 40 км/саат х 6 саат = 240 км/ кунго
— кышкы учурда 90 кун х (240 км/кун х 19,23 л/100 км) = 4154,0 литр
— жайкы учурда 160 кун х (240 км/кун х 17,02 л /100 км) = 6536,0 литр
Куйуучу майга чыгым 4154,0 + 6536,0 = 10690,0 литр х 57 сом = 609330 сом
Майлоочу май 4154,0 + 6536,0 =10690,0 литр :
100 х 3,2 (норма)=342,0 л х 300,00 = 102600 сом
Куйуучу майлоочу майлардын баары 609330 + 102600 = 711930 сом
Жалпы чыгым 646115 + 711930 = 1358045 сом.
Рентабелдуулук 15 % = 203707 сом.
Баары 1561752 сом.
Накладнойлук чыгымдар 24% = 374820 сом.
Баары 1936572 сом.
НДС 12% 232389 сом.
НСП 2% 38731 сом.
Жалпы 2207692 сом.
(8 саат *250 жумушчу кун = 2000 жумушчу кун).
Юридикалык жактарга бир саатка (банк ж.б. кызматтар) 1223 сом/1 саатка
Физикалык жактар учун 1103 сом/1 саатка
Жооптуу катчы А.Абдыкеримов
2-тиркеме
Газ 53 автовышка автоунаасынын кызмат корсотуу калькуляциясы
Балансалык баасы —39000 сом.
1.Айдоочунун бир жылдык эмгек акысы 13050 с. 1-айлык эмгек акысы х 12 ай, эмгек оргуусу = 169650 сом.
2.Соцфондго которуулар 17,25 % = 29265 сом
3.Амартизация 25% = 9750 сом
4.Ремонттук фонд 5% = 1950 сом
5.Айдоочунун атайын кийими (кышкы 3000 сом, жайкы. 1700 сом) = 4700 сом
6.Тамак аш 30 сом 1 кунго х 250 кун = 7500 сом
Баары: 222815 сом
7.Куйуучу майлоочу майдын (КММ) чыгымы:
— 35 км/саат х 6 саат = 210 км/ кунго
— кышкы учурда 90 кун х (210 км/кун х 35,5 л/100 км) = 6709,5 литр
— жайкы учурда 160 кун х (210 км/кун х 28 л /100 км) = 9408 литр
Куйуучу майга чыгым 6709,5 + 9408 = 16117,5 литр х 52 сом = 838110 сом
Куйуучу майдын чыгымы, баары — 838110 сом.
Жалпы чыгым 222815 + 838110 = 1060925 сом.
Рентабелдуулук 15 % = 159138,75 сом.
Баары 1220063,75 сом.
Накладнойлук чыгымдар 24% = 292815,3 сом.
Баары 1512879,05 сом.
Жалпы 1512879,05 сом.
( 8 саат *250 жумушчу кун = 2000 жумушчу кун).
Юридикалык, Физикалык жактарга бир саатка (банк ж.б. кызматтар) — 756 сом/1 саатка
Жооптуу катчы А.Абдыкеримов