НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6 ТОКТОМУ

 

   16-декабрь 2021-жыл                                                                                                                                                                         Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектептин 3-кабатын Калем лидерлик  академиясына  ижарага  берүүгө макулдук берүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарыны жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча”, «Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча»  туруктуу комиссияларынын жана Нарын шаардык мэриясынын сунуштарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы К.Жакыпов атындагы орто мектебинин учурда пайдаланылбай турган 3-кабатынын  күн  чыгыш  тарабын  “Калем лидер академиясынын” үзгүлтүксүз  окууларды (чет тилдер, ЖТРга даярдык, IT-программалаштыруу ж.б.)  жүргүзүү үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин жана 2022-жылдын сентябрь айына чейин ижара акысынан бошотулсун.
  2. Мектептин ижарага берилген 3-кабатынын күн чыгыш тарабын толугу менен ремонттон өткөрүү, тиешелүү эмеректер жана жабдуулар менен жабдуу жагы “Калем лидер академиясынын” интеллектуалдык окуу борборунун жетекчилигине тапшырылсын.
  3. Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектепти ижарага берүүдөгү тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жана өз ара келишимдерди түзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.

 

 

      Төрага                                                                                                                                                                           А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн:   иш кагазга,   шаардык мэрияга,   облустук  юстиция   башкармалыгына, туруктуу комиссияга, К.Жакыпов атындагы  орто мектебине, ММИге, “Калем лидер академиясына”

 

Добавить комментарий