НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН №8 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ VIII  СЕССИЯСЫНЫН

    № 8  ТОКТОМУ

 

16 — декабрь 2021-жыл                                                                                                                                                                          Нарын шаары

 

Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын Нарын шаардык Кеңешинин сессияларынын токтомдорунун аткарылышына жана ишкананын жалпы аткарып жаткан иштерине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

 

         «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана 2-бөлүмдүн 2, 5, 10-пункттарынын, 37-беренесинин  1-бөлүмүнүн 3, 5-пункттарынын негизинде жана Нарын шаардык Кеңешинин  2021-жылдын  иш-планына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:    

  1. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын директору А.Сурановдун ишкананын жалпы аткарып жаткан иштери жөнүндө берген билдирүүсү эске алынсын.
  2. Нарын шаарынын жалпы санитардык тазалыгын камсыздоо, ички жолдорун талаптагыдай кармоо, көрктөндүрүү жана жарыктандырууну камсыздоо, шаар элинин таштандылар үчүн жыйымдарын чогултууда төмөндөгү кемчиликтер бар экендиги белгиленсин:

          а) Нарын шаарындагы “Карга-Жайлоо” полигонунун сырткы тосмолорун ирээтке келтирүү, оңдоп-түздөө жана “Таза-Нарын” ишканасынын абоненттеринин санын көбөйтүү жана тактоо боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлбөгөндүгү;

            б) Шаар ичиндеги жолдордун чийиндерин чийүү иштери колго алынбагандыгы;

           в) Шаардын көчөлөрүндөгү жарыктандыруу чырактарынын жараксыз бөлүктөрү гана жаңыртылбастан, үнөмдүү пайдаланылбай толугу менен алмаштырылып жаткандыгы.

  1. Шаардын санитардык тазалыгын сактоого карата алгылыктуу иш аракеттер жасалып, таштандынын абоненттеринин санын көбөйтүү, чогулуучу акча каражаттарды өз убагында жыйноо жана чогулган акча каражаттарын өз  багытында жумшоо Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын директору тарабынан колго алынсын.
  2. Нарын шаарындагы таштанды төгүүчү жайларынын тосмолорун ирээтке келтирүүгө, шаардын санитардык абалын жакшыртууга, туш келди жерлерге таштандыны төгүүгө, айрыкча базарларга, ашканаларга, дүкөндөргө көзөмөлдөр күчөтүлсүн.
  3. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетиндеги акча каражатынын тартыштыгын  эске алуу менен  өндүрүшкө пайдаланууга жаңы техникаларды сатып алуу жана “Карга-Жайлоо” полигонундагы таштандыларды туура колдонуп кайра иштетүү, пайдалуу продукцияга айлантуу боюнча долбоорлор менен иш алып баруу, инвестиция тартуу боюнча Нарын шаардык мэриясы, “Таза-Нарын” ишканасы тарабынан   долбоорлорду жазуу же спонсордук жардамдар аркылуу  каражаттарды тартуу боюнча иштер алып барылсын.
  4. Шаардын чет көчөлөрүн түнкү жарык менен камсыз кылуу, ички жолдорун талаптагыдай кармоо, асфальт жолдун кертилген чекелерин өз убагында оңдоп-түздөөдөн өткөрүү боюнча чаралар көрүлсүн.
  5. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, муктаж жарандарды кезекке коюуп жардам катары берилип келген шагыл менен камсыз кылуу колго алынсын.
  6. Нарын шаарында ит, мышыктан жугуучу оорунун (кутурма, эхиноккоз) тарап кетишине бөгөт коюу жана алдын алуу максатында, аларды аттырып жок кылуу иштерине көзөмөлдү күчөтүү жагы жолбун ит, мышыктарды атууга бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышын көзөмөлдөө боюнча комиссиясы жүктөлсүн.
  7. Токтомдо көрсөтүлгөн айрым кемчиликтердин негизинде иш алып баруу, ишкананын ишине баа берүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын жана аткарылганын иштер боюнча 2022-жылдын 1-мартына маалымат берсин.
  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Муниципалдык менчик жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, Таза-Нарын ишканасына, туруктуу комиссияларга.

Добавить комментарий