НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ Х СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКТЕГИ Х СЕССИЯСЫНЫН

 № 3 ТОКТОМУ

2- март 2022-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Нарын шаарынын мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестрине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган муниципалдык менчиктерди көзөмөлдөө максатында,  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы XXI сессиясынын №5 токтому менен бекитилген “Мүлккө муниципалдык менчиктин объектилеринин реестри” тиркемеге ылайык толуктоолору менен бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, ММИге.

 

 

ТИРКЕМЕ_НАРЫН ШААРЫНЫН МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК ОБЪЕКТИЛЕРИНИН РЕЕСТРИ

 

Добавить комментарий