НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХIII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

 КЕЗЕКСИЗ ХШ  СЕССИЯСЫНЫН    

№ 3 ТОКТОМУ

 

17-июнь 2022-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин 26-январь 2018-жылдагы  IV чакырылыштагы  кезектеги XIII сессиясынын № 3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

              Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндөгү кодексинин 74-75-беренелерине ылайык Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын сунуш каттарынын негизинде жана Нарын шаардык  Кеңешинин алдындагы  “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 26-январь 2018-жылдагы IV чакырылыштагы кезектеги XIII cессиясынын №3 токтомунун биринчи, экинчи пунктундагы “Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык” деген сөздөр алынып салынып, Нарын шаардык муниципалдык  “Таза-Нарын” деген сөздөр менен алмаштырылсын жана ушул токтомдун №2 тиркемесиндеги таштанды төлөнүүчү тарифиндеги “бир орун”, “бир койка”, деген сан өлчөмүндөгү сөздөр  “бир адам” деген сөз менен тиркемеге ылайык алмаштырылсын (тиркеме тиркелет).
  2. Токтомго кирген өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын “Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык Нарын облустук юстиция башкармалыгынын каттоосунан өткөрүү Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына жүктөлсүн.
  3. Токтомду аткаруу боюнча иш алып баруу Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, облустук юстиция башкармалыгына,Таза-Нарын”     ишканасына, мамлекеттик салык кызматына.

 

 

Тиркеме

 

Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын таштандыларды ташуунун тарифи

 

Таштанды үчүн жыйым  төлөөчүлөрдүн аталышы

Сан

өлчөмү

2012-жыл Тариф боюнча айына алынуучу акы (сом)

2018-жыл Тариф боюнча айына алынуучу акы (сом)

12 (сом)
1 Калктын саны (27000адам) 1 адам 8 12
2 Дүкөндөр 20м2 (Азык түлүк) 1м2 5,33 5,33
3 Дүкөндөр 20м2 (Чарба товарлар) 1м2 5,33 5,33
4 Күркөөлөр 30 м2 1м2 1 2
5 Коомдук тамактануучу жайлар 1 адам 2,66 5
6 Жайма базарлар 1м2 0 5
7 Аптекалар 1м2 1 3
8 Чач тарачтар 1м2 5,33 6
9 Отук оңдоочу жайлар 1м2 5,33 6
10 Мончолор 1м2 2,66 4,5
11 Май куйуучу бекеттер (60 м2), 1 м2 3,33 5
12 Газ балон алмаштыруучу жайлар 1м2 0 1
13 Автобекет 1м2 3,33 3,33
14 Базарлар 1м2 0,53 5
15 Конок үйлөр 1 адам 4,56 5
16 Бала бакчалар (жеке менчик) 1 адам 2,66 2,66
17 Маданият үйү, китепкана 1 адам 1,33 1,33
18 Мектептер  (жеке менчик) 1 окуучу 0,66 0,66
19 Жогорку окуу жайлар (жеке менчик) 1 окуучу 0 3,33
20 Ооруканалар (мамлекеттик) 1 адам 2,33 3
21 Ооруканалар (жеке менчик) 1 адам 0 5,2
22 Поликлиникалар (мамлекеттик) 1 кызматчы 1,2 2
23 Поликлиникалар, Лаборатория   (жеке менчик) 1 кызматчы 0 5,2
24 Мекеме ишканалар 1 кызматчы 1,46 3
25 Банктар 1 кызматчы 1,46 5,2
26 Вулканизация, Сто, Автоунаа жуучу жай, май алмаштыруучу жайлар 1м2 0 6
27 Коомдук эс алуучу жайлар (Бильярд, интернет клуб, ж.б.) 1м2 0 5
28 Телевизор, радио ж.б. ондоочу жайлар 1м2 0 7,5
29 Мал башына (майда жана бодо малга) Мал башына 0 3

 

 

Жооптуу  катчы                                                                                                                                            А.Абдыкеримов

Добавить комментарий