НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
1-ноябрь 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” №4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун негизинде жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгы киргизилсин.
- Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана Мамлекеттик салык кызматтын Нарын шаары боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, салык кызматына, ММИге.