НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
1-ноябрь 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын аймагында мүлк салыгына жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн салыкка Кз зоналык коэффициентин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” 397, 398-беренелерин жана 404-беренесинин 4 жана 5-пункттарын аткаруу максатында Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын аймагына 2023-жылдын 1-январынан баштап үй жанындагы, короо жайдын жана багбанчылык-чарбак жер участокторунун жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгынын Кз зоналык коэффициенти 1,2 өлчөмүндө белгиленсин.
- Салыктарды тескөө, башкаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде ишке ашырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, салык кызматына.