ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/8 ТОКТОМУ
Нарын шаары
11-июль 2012-жыл Абдраимакунова Чынара Тургунбековнага
Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын
ыйгаруу жөнүндө
Абдраимакунова Чынара Тургунбековна 1965-жылы Нарын шаарында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган.1972-1982-жылдары Нарын шаарындагы №3-С.М Киров атындагы орто мектепте билим алып, ийгиликтүү аяктаган.1982-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык Институттун технология факультетине тапшырып, 1987-жылы институту ийгиликтүү аяктап технолог кесибине ээ болгон. Эмгек жолун 1987-жылы Нарын шаарындагы окуу өндүрүш комбинатында мектеп аралык окутуучу — мастер болуп иштөө менен баштаган.
1992-93-жылдары Эл аралык «Нарын-соода» үйүндө товаровед, «Нарын» жаштар Ассоциациасында товаровед, 1997-98-жылдары Нарын шаардык Советинде, шаар башкармасында жетектөөчү адис, 1998-2003-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын жалпы бөлүмүнүн башчысы, социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2003-2004-жылдары Нарын шаар башчысынын орун басары,
2004-2012-жылдары Нарын шаарынын вице-мэри, 2012-жылдын 1-февралынан бери Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болуп эмгектенүүдө.
1999-2004-жылдары Нарын шаардык Советинин депутаты. Коомдук иштер, гендердик маселелер, социалдык маселелердин үстүндө иштөө менен Аялдар Конгрессинин Нарын облустук бөлүмүнүн төрайымынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана КРнын жергиликтүү жамааттардын күнүнө карата Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы», «Патриот жаштарды тарбиялоодо кошкон салымдары үчүн төш белгиси» менен сыйланган.
Абдраимакунова Чынарага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Нарын облустук Аялдар Конгрессинин сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда үзүрлүү иштеп, Нарын шаарынын өсүп өнүгүшүнө кошкон салымдары жана ийгиликтери үчүн Чынара Абдраимакуновага Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык, АбдраимакуноваЧынарага атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
______________________________________________________________________________ Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, ММДга, «Таза Нарын» ишканасына,Ч.Абдраимакуновага