НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХVII СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ  ХVII СЕССИЯСЫНЫН

№ 1 ТОКТОМУ

 

1-декабрь 2022-жыл                                                                                                                                                                              Нарын шаары

 

Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосуна Нарын шаарынан сунушталып жаткан долбоорлор жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке аша турган долбоорлор аталган фонддун кароосуна сунушталсын (тиркеме тиркелет).
  2. Сунушталган долбоорлор менен иш алып баруу жана шаарга киреше алып келе турган экономикалык жана социалдык долбоорлорду даярдап, Нарын облустук “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун кароосуна сунуштоо жагын үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага                                                                                                                                                                                  А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, тийиштүү жактарга.

 

 

Тиркеме

Нарын шаарындагы Теңир-Тоо өнүктүрүү Фондуна сунушталып жаткан долбоорлор

 

Долбоордун 

аталышы

 

Жалпы 

суммасы

«Тенир-Тоо» фонду

 

Өздүк  салым Эскертүү
1 Ачык асман аянтчасына спорт шаймандарын сатып алуу (Нарын шаардык спорт жана дене тарбия бөлүмү) 1 786 900

 

1 608 000 178 900

 

2 Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы балдар искусство мектебине 10 электрондук фортепиано сатып алуу. 717 000 548 300 71 000

 

97 000

(Мектептин өздүк салымы)

3 Т. Сатылганов атындагы №1 орто мектебинин актовый жана спорттук залдарынын чатырчасын чатырлоо. 2 692 789 2 423 511 269 278
4 «Чебурашка» балдар бакчасынын жылытуу системасын жана канализациясын оңдоо. 3 218 540 3 003 971 186 337 28 232

(Бала бакчанын өздүк салымы)

5 Ж.Конурбаева атындагы борборлоштурулган китепкананын №2 филиалы – жаш окурмандар үчүн экономикалык дем берүүчү, шахмат жөнүндө китептерди сатып алуу жана электрондук китепке өткөрүү үчүн сканер жана окурмандарды тейлөөдө компьютердик каражаттарды алуу. 343 755 293 755 50 000
6 А. Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектептин жылытуу системасын өткөрүү капиталдык ремонттон ө 9 496 958 8 546 958 950 000
7 Нарын шаардык коомдук мончону капиталдык ремонттон өткөрүү. 11 983 405 10 785 065 1 198 340
Жалпысы: 30 239 347 27 209 560 2 903 855

 

Жооптуу катчы                                                                                                                                                    А.Абдыкеримов

 

Добавить комментарий