НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
23-декабрь 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык жана “Республика” фракциясынын сунушунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаардык Кеңешинин “Республика” фракциясынан көрсөтүлгөн депутат Алымкулова Сүйүнбүбү Алымкулова ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жалпы депутаттардын добушун алгандыктан, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.
2. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына.