НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХX СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ        

КЕЗЕКТЕГИ  ХX СЕССИЯСЫНЫН

№ 6 ТОКТОМУ

14-март  2023-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  чек ара кызматынын улук лейтенанты  Алмаз уулу Бейкуттун ысымын Нарын шаарынын  Көтөрмө аймагындагы М.Исаков көчөсүндөгү скверге ыйгаруу жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, Нарын шаардык Кеңешинин  Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, коомдук эмес уюмдар, жалпыга маалымат каражаттары боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын улук лейтенанты Баткендеги куралдуу кагылышууда каза болгон Алмаз уулу Бейкуттун ысымын Нарын шаарындагы Көтөрмө аймагындагы М.Исаков көчөсүндөгү скверге ыйгарууда жалпы депутаттардын бир добуштан колдоосуна ээ болгондуктан, мындан ары сквер “Алмаз уулу Бейкут” атындагы сквери деп аталсын.
  2. Сквердин ичин жасалгалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, инфратүзүмүн жакшыртуу жана башка оңдоп түздөө, жасоо иштери, ошондой эле, бакчанын аталышы жазылган тактаны илүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, жашылдандырууга, Алмаз уулу Бейкуттун үй бүлөсүнө.

Добавить комментарий