НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫНЫН №2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ   

КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫНЫН

№ 2  ТОКТОМУ

2-март  2024-жыл                                                                                                                                                                                  Нарын шаары

 

Нарын шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджети жана 2025-2026- жылдарга болжолу жөнүндө

             Нарын шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2025-2026-жылдардын болжолу жөнүндө  «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга Республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдардын болжолу жөнүндө», «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик Кодексине», Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алып,  Нарын шаардык  Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 257832,0 мин сом мунун ичинен салык жыйымдары 230874,0 миң сом жана салык эмес жыйымдары 26958,0 миң сом өлчөмүндө, ошондой эле 2025-жылдын долбоору 281057,0 миң сомго, 2026-жылдын долбоору 314834,0 миң сомго  бекитилсин (1,2-тиркемелер тиркелет).
  2. Чыгашалар бөлүгү боюнча 257832,0 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 70443,0 миң сом, маданият  жана спорт тармагына 22186,0 миң сом,  мамлекеттик жарандык   жана муниципалдык кызмат тармагына 40201,0 миң сом, турак жай жана коммуналдык кызмат тармагына 94282,0 миң сом, социалдык жеңилдиктерге 1000,0 миң сом жана  башка категорияга кирбеген экономикалык маселелерге 29720,0 миң сом  өлчөмүндө бекитилсин (3-тиркеме тиркелет).
  3. Нарын шаардык билим берүү тармагына келишим менен Нарын шаарындагы №4 “Наристе Нур” балдар бакчасына кошумча 3 (үч) кароолчу штаттык бирдигине жана 1 (бир) ашпозчу штаттык бирдигине 671,3 миң сом, №15 “Бактылуу Балалык” балдар бакчасына кошумча 1 (бир) ашпозчу штаттык бирдигине 333,5 миң сом, №16 “Ыйман” балдар бакчасына кошумча 1 (бир) ашпозчу штаттык бирдигине 333,5миң сом жана №18 “Ак-Дил” балдар бакчасына кошумча 1(бир) жумушчу штаттык бирдигине 161,8 миң сом  каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун 4-пунктуна ылайык Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин техникалык тейлеп иштеген кызматкерлеринин эмгек акысына бекитилген штаттык бирдикке ылайык 25 пайызга чейин кошумча үстөк 2024-жылдын 8-январынан тартып кошулуп берилсин.
  5. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасынын жана Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин негизги эмгек акылары тиркемеге ылайык бекитилсин (4- тиркеме тиркелет).
  6. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жана Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек өргүүгө чыкканда дарылануу үчүн 1 (бир) айлык акы өлчөмүндө акча каражаты  кошулуп берилсин.
  7. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын оператор, бухгалтер-кассир, аймак башчылары жана аймак катчыларынын айлык акылары ишкананын атайын каражатынан чогулган акча каражаттын эсебинен бекитилген штаттык бирдикке ылайык төлөнүп берилсин.
  8. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын аймак башчылары жана аймак катчыларынын жол киресине ишкананын атайын каражатынан чогулган акча каражаттын эсебинен 94,6 миң сом жана Нарын шаардык  калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин жол киреси үчүн эмгек акы  беренесине 50,0 миң сом кошулуп берилсин.
  9. Нарын шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин экономикалык маселелерге каралган акча каражаттын эсебинен жана 2024-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 5-тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин   (5-тиркеме тиркелет).
  10. Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасы Нарын шаарындагы 1-4- класстын окуучуларынын бекер жүрүүсүнө Нарын шаардык билим берүү бөлүмү менен түзүлгөн акт-сверканын негизинде экономикалык чыгымдарга каралган акча каражатынын эсебинен каржылансын жана каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  11. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын сунушу менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.
  12. Нарын шаардык мэриясына «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин чыгашаларына  2500,0 миң сом резервдик фонд түзүлсүн.
  13. Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматы, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы, Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы, Нарын шаардык муниципалдык жашылдандыруу ишканасы жана башка шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы милдеттендирилсин.
  14. Нарын шаарынын 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2025-2026-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.

 

         

Төрага                                                                                                                                                                                   А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш  кагазга  КРнын  финансы    министрлигине,  шаардык мэрияга,  Нарын  финансы башкармалыгына, салык кызматына, “Таза-Нарын”, “Жашылдандыруу”, ММБКК муниципалдык ишканаларына, билим берүү бөлүмүнө, муниципалдык  транспорт ишканасына жана башка тийиштүү мекеме, ишканаларга.

 

Нарын шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы-1-тиркеме

Нарын шаарынын 2025-2026-жылдардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планынын долбоору-2-тиркеме

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга чыгаша бөлүгүнүн планы_3-тиркеме

Нарын шаардык коммуналдык жана муниципалдык тейлөө мекеме-ишканалардын негизги эмгек акылары жана кошумча үстөктөрү_4-тиркеме

Нарын шаарынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин экономикалык маселелерден бөлүнгөн акча каражаттар_5-тиркеме

Добавить комментарий