НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКТЕГИ  XXXI СЕССИЯСЫНЫН

3 ТОКТОМУ

  2-март 2024-жыл                                                                                                                                                                              Нарын шаары

   

Нарын шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтер жөнүндө

         Нарын шаарынын санитардык -экологиялык абалын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Мыйзамдарын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын 20.02.2024-жылдагы №01-17/544, 27.02.2024-жылдагы №01-17/661 жана Нарын шаардык муниципалдык “Таза Нарын” ишканасынын 22.02.2024-жылдагы №02-02/77 сунуш каттарына ылайык, “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын жана коомдук угуудагы шаардын элинин  сунуштарын талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата жаңы тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет), бекитилген тарифтердин баасы 2024-жылдын  1-апрелинен баштап күчүнө кирсин.
  2. Шаардын санитардык — экологиялык абалын жакшыртуу боюнча натыйжалуу иш аракеттерди  күчөтүү, финансылык милдеттемелерди аткаруу Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына тапшырылсын.
  3. Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы «Нарын  шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды кабыл алуудагы кызмат акы тарифине жана калкка  кызмат көрсөтүүдөгү таштандыларга төлөнүүчү тарифине макулдук  берүү жөнүндө” №3 токтомунун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
  4. Жогорулаган тарифтер боюнча эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жургүзүү, таштанды чыгаруунун уюшулуусу боюнча жаңыча иш алып баруу, ошондой эле калктын тазалыкка  болгон инсандык жеке мамилесин ойготуу жана жоопкерчиликти көтөрүү боюнча иш аракеттерди көрүү Нарын шаардык муниципалдык “Таза Нарын” ишканасы тарабынан колго алынсын.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                 А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, Таза-Нарын ишканасына.

 

Нарын шаардык муниципалдык “Таза Нарын” ишканасынын таштанды үчүн чогултулуучу жыйымдарынын тарифи_тиркеме

Добавить комментарий