НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXXIV СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКСИЗ  XXXIV СЕССИЯСЫНЫН 

     №1 ТОКТОМУ

24-апрель 2024-жыл                                                                                                                                         Нарын ш

 

“Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу  өндүрүштүк бирикмеси”           филиалын Нарын шаардык мэриясынын карамагына кабыл алууга  макулдук берүү  жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө”  Жарлыгын аткаруу жана “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө” долбоорун уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына ылайык,  Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

  1. «Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалын Нарын шаардык мэриясынын карамагына кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Нарын шаардык мэриясынын карамагына кабыл алуу иштерин жүргүзүү, мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары                                                                                                                А.Черикчиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,   шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына;

Добавить комментарий