ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                                                                         XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIII СЕССИЯСЫНЫН                                                                                                                                                  №     8  ТОКТОМУ

 

 

                                 «11» апрель  2012-жыл                                                                         Нарын шаары      

                                                                        

    Нарын  шаарынын борбордук базарынын             айланасында соода жүргүзүүнү жана базардын                     айланасындагы муниципалдык жер аянттарын             ирээтке келтирүү жөнүндө

 

             Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти  шаардык Кеңешке        Нарын    шаарындагы борбордук базардын айланасында соода кылууларды ирээтке келтирүүдө  соода-сатык кылуучулар тарабынан санитардык жана өрткө каршы абалдар сакталбай, базарда

 баш-аламан   жайма базарлар уюштурулуп, авто унаалардын   өтүүсүнө,  шаар тургундарынын жөө жүрүүсүндө да ар кандай тоскоолдуктар болуп,  соодагерлер ар кандай ыңгайсыз абалдарды жаратып жаткандыгы боюнча кайрылышкан. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан  бир нече жолу эскертүүлөр берилип жатса да,  эч кандай натыйжа чыкпай жаткандыгын билдирүү менен  жаз айлары башталып шаардын тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерине тоскоолдуктар болууда.Шаардагы Шуллер, С.Орозбак, С.Андабеков  көчөлөрүнүн боюндагы муниципалдык жер аянттарында баш-аламандык жайма базарлар уюштурулуп,  ирригациялык арыктарды, тратуарларды  толук оңдоо, жашылдандыруу иштерине тоскоолдук болуп жаткандыктан шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында бул  маселени  карап  берүү боюнча кайрылышкан.

            Шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунушунун негизинде, базарды ирээтке келтирүү , санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелерин   Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 18-беренисиндеги «Жергиликтүү маанидеги маселелерге» киргендигине байланыштуу  соода кылуучулардын жол жээгинде соода кылуусуна чектөө коюу, муниципалдык жер аянттарын ирээтке келтирүү, шаардын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртуу максатында Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы

 

                                                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Нарын шаарындагы борбордук базарда жаңы  курулуш иштери баштала тургандыгына байланыштуу, санитардык, өрт  коопсуздугунун нормаларын сактоо менен  базардын жана анын айланасынын генералдык планын иштеп чыгып, генералдык планды  шаардык Кеңештин сессиясында бекиттирип иш алып баруу жана базарды ирээтке келтирүүдө жеке ишкерлердин иш жүргүзүүсү ( соода-сатык кылуусу) үчүн соода  орундарын камсыз  кылуу жагы  шаардык мэрияга (А.Суранов),   шаардык архитектура башкармалыгына  (У.Калмамбетов) милдеттендирилсин.

 

2.      Борбордук базардын айланасында жайланышкан кичи базарлардын жетекчилери төмөндөгү иштерди аткаруу жагы милдеттендирилсин.

·          Дренаждык канализацияны тазалоого;

·         Суу түтүктөрүн, канализацияларды ар дайым иш абалында кармоо;

·         Өз тегерегиндеги кичи көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү;

·         Айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү

·         Түнкү жарык менен камсыз кылуу;

·         Атоунаалардын жолдордо тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу, базардын айланасында  автоунаа токтоочу жайларды уюштуруу;

3.      Соода павильондордун, жеке чарбачылык кылган субьектилердин ээлерине төмөндөгү иштерди аткрууга тыюу салынсын.

·         Соода павилондорун өз багытында эмес пайдаланууга:

·         Базардын айланасындагы короо жайлардын жер аянтын өз багытында эмес пайдаланууга;

 

·         Жолдордун жээгинде, өткөөлдөрдө жайма соода кылууга;

·         Жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн соода кылуусуна;

·         Санитардык нормалары сакталбаган, ыңгайлаштырылбаган жайларда тамак-аш жазап сатууга;

 

4.      Нарын шаардык мэриясы жана шаардык муниципалдык менчик департаменти тарабынан берилген соода орундарынан башка, санитардык,  өрт коопсуздук эрежелерин,  автоунаа жана жөө жүрүү эрежелерин бузуп  жайма базар уюштургандарга  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык чара көрүү  мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча  башкармалыгы (К.Насиридинов),  Нарын райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борбору (Т.Мурадилов) жана  Нарын шаардык керектөөчүлөрдүн укутарын коргоо коомдук уюму (К.Сатыбалдиева), шаардык жол коопсуздук кыймылы бөлүмү  (Ү. Айтмамбетов), Нарын шаардык өрткө каршы кызматы(Т.Асымкулов), муниципалдык менчик департаменти (Н.Максуталиев) тиешелүү иш чара кабыл алуу менен натыйжалуу иш алып барышсын жана тиешелүү чараларды көрүшсүн.

 

5.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) тапшырылсын.

 

 

 

          Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

                 төрагасы                                                                                  А.Көкөтаев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, салык башкармалыгына, архитектурага, Нарын райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборуна, шаардык жол коопсуздук кыймылы бөлүмүнө, «Алгыр» коомдук уюмуна, мамлекеттик өрткө каршы кызматына

Обсуждение закрыто.