Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн курултайын чакыруу жана өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  II СЕССИЯСЫНЫН

№2 ТОКТОМУ  

29-ноябрь 2024-жыл                                                                                                                                              Нарын шаары

 

Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн  курултайын чакыруу жана өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына жана   Улуттук    Кеңештин        2023-жылдын  16-декабрындагы  №1 чечиминин тиркемесине ылайык, “Элдик Курултайдын  делегаттарын шайлоо жөнүндө Жобого жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө”  Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып,  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү курултайынан Элдик  Курултайга делегаттарды шайлоо жыйыны     2024-жылдын 7-декабрь, жума күнү Нарын шаарынын Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинин жыйындар залында саат 15 00дө өткөрүлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултайына” Нарын шаарынан делегаттардын бекитилген квоталарына ылайык 3 делегат көрсөтүлсүн.
  3. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн курултайына делегаттарды шайлоо 5 аймактык чөлкөмдөрдө жашаган калктын санына жараша Нарын шаарындагы 1-аймактык   РТС чөлкөмүнөн-          33делегат, 2-аймактык И.Раззаков чөлкөмүнөн – 33 делегат, 3-аймактык Борбор чөлкөмүнөн — 28 делегат, 4-аймактык Көтөрмө чөлкөмүнөн —   25 делегат, 5-аймактык Батыш чөлкөмүнөн — 31 делегат көрсөтүлсүн,  жана ченемге (нормага)  ылайык шаардык курултайга 150  (жүз элүү)  делегат шайлансын.
  4. Элдик Курултайга Нарын шаарынан делегаттарды шайлоону           уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы                                                    (мындан ары — жумушчу топ) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (курамы тиркелет).
  5. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн курултайына делегаттарды шайлоо 5 аймактык чөлкөмдө түзүлгөн графиктин негизинде өткөрүлсүн (2-тиркеме тиркелет).
  6. Жергиликтүү курултайга делегеттарды шайлоо боюнча чогулуштар жашаган жери боюнча белгиленген графикке ылайык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн жана өткөрүүгө жооптуу депутаттардын катышуусу менен жүргүзүлсүн.
  7. Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн курултайынан Элдик курултайга шайланган делегаттардын тизмелерин, шайлоо тууралуу протоколун жана толтурулган анкеталарын уюштуруу комитетине тапшыруу жумушчу топтун курамына жүктөлсүн.
  8. Нарын шаардык жергиликтүү коомдоштуктун курултайын уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан финансы маселелерин чечүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  9. Массалык маалыматтар каражаттары аркылуу Нарын шаардык жергиликтүү коомдоштуктардын курултайын жана аймактык чөлкөмдөрдө өткөрүлүүчү  чогулуштардын (жыйындардын) саатын жана дарегин жергиликтүү жамаатка алдын ала маалымдоо  жагы Нарын шаардык мэриясына  милдеттендирилсин.
  10. Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмү Нарын шаарынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн курултайын  жана чөлкөмдөрдө өткөрүлүүчү жыйындарын өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, коомдук тартипти,   коопсуздукту сактоо боюнча зарыл чараларды көрсүн жана жергиликтүү коомдоштуктардын  мүчөлөрүн жыйынга катышуусун камсыз кылсын.
  11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                          Ч.Муканбетжусупов                                                                                      

 

 

 

__________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, мэрияга, жумушчу топтун мүчөлөрүнө,  юстиция башкармалыгына, Нарын шаардык ички иштер башкармалыгына.

1-тиркеме курултай Жаны

2-тиркеме курултай

 

 

Добавить комментарий