ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                   

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIII СЕССИЯСЫНЫН

 

          №  5 ТОКТОМУ

                                             «11» апрель 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

                                                            

 

      Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык       Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды   берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куру    жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосун жана      сандык курамын бекитүү жөнүндө

 

 

            Нарын шаарындагы жер тилкелерин берүү маселелерин  оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жер» жана «Жарандык» Кодекстерине,

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы  №571 « Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттаы жөнүндө» типтүү Жобону бикитүү тууралуу токтомунун,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьектерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн обьектерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүнүн тартиби жөнүндөгү» жана  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 токтомдору менен бекитилген «Көп кабаттуу турак үйдүн жер тилкелеринин чек арасын аныктоо жана уруксат документтерин берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жоболорунун, депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин   Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу  эрежесин бекитүү жөнүндөгү» 2004-жылдын 4-июнунда №2 токтомунун  жана Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин  сунуш катынын негизинде  депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Нарын шаарындагы жер тилкелерин берүү маселелерин  оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды  берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу   жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосу бекитилсин (№1-тиркеме).

 

2. Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды  берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу  жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосуна ылайык комиссиянын сандык курамы бекитилсин.(№2-тиркеме)

 

3. Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилген Жобо  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестирине киргизүү үчүн  Нарын облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.Нарын шаарында муниципалдык жер тилкелерин ижарага берүүдө, сатууда жана турак жай курууга берүүдө Жобого  ылайык иш алып баруу   түзүлгөн комиссиянын төрагасына   жана курамына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Байгубатовго, шаардык мэриянын биринчи вице-мэри  А.Сурановго тапшырылсын.

 

     Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

                   төрагасы                                                           А.Көкөтаев    каттоо №2012-2    

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММДне, шаардык архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, Нарын облустук Юстиция башкармалыгына, Б.Байгубатовго

Обсуждение закрыто.