ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIII СЕССИЯСЫНЫН    

 

                                                               №    3  ТОКТОМУ

11-апрель 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

                                                        Нарын шаарынын аймагына жер   салыгын жана айрым                                      топтогу мүлк обьектилерине салыктын түрлөрүн киргизүү жөнүндө

 


Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү» Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун аткаруу максатында жана жергиликтүү салыктардын жергиликтүү бюджетке толук түшүшүн камсыз кылуу максатында Нарын шаардык салык башкармалыгы сунуш кат менен шаардык Кеңешке кайрылган.


Кыргыз Республикасынын №231- Мыйзамына ылайык 1- январь  2012- жылдан тарта жер салыгы  жана 1,2,3 топтогу мүлк обьекетилерине жер салыгын киргизүү укуктары жергиликтүү Кеңештерге берилген. Бул мүлк обьектилеринин  салыктары толугу менен же 100 пайызы жергиликтүү бюджетке түшмөкчү.Белгиленген 1,2,3 топтогу мүлк обьектилеринин салыгын эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлмөкчү.


Мыйзамда Нарын шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерден жана короо алдындагы жерлерден жер салыгын алуу көрсөтүлгөн. Алсак,  1-топтогу мүлк обьектилеринен, тактап айтканда ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган , туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөрдөн, квартиралардан дача үйлөрүннөн,  ал эми 2-топтогу мүлктөргө турак үйлөр, квартиралар, пансионаттар, эс алуучу үйлөр, санаториялар, курорттор, өндүрүштүк, административдик, өнөр жайлык жана ишкерлик  ишти жүргүзүү үчүн арналган же пайдаланылган башка капиталдык     курулуштардан алынмакчы, ошондой  эле 3-топтогу мүлктөргө ишкерлик ишти жүргүзүүгө арналган же  убактылуу колдонулган темирден жана башка жеңил конструкциялардан жазалган киоскалардан, контейнерлерден алынууга тийиш.  Салык алуунун жолдору Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 324-беренесинде толук көрсөтүлгөн. Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ


1. 2012-жылдын 1-январынан баштап Нарын шаарынын аймагында төмөндөгүдөй салыктын түрлөрү киргизилсин.

·        айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытында эмес жерлерден жана короо          алдындагы (приусадебные) жерлерден жер салыгы

·        1-2-3- топтогу мүлк обьектилеринен;

2.Көрсөтүлгөн обьектилерден салык расчетторун эсептөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.

3.  Бул  токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестирине киргизүү үчүн  Нарын облустук Юстиция  башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.

5.Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу мамлекеттик салык кызматынын Нарын  шаары боюнча салык башкармалыгына (К.Насиридинов) милдеттендирилсин.

 

 

           Депутаттардын

Нарын шаардык кеңешинин


              төрагасы                                                                      А.Көкөтаев  каттоо № 2012-3


Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык салык башкармалыгына.

Обсуждение закрыто.