НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

                              НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

               КЕЗЕКТЕГИ   СЕССИЯСЫНЫН

           ТОКТОМУ

2026-жылдын     -февралы  №

 

Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрдү ташууга жол киресинин  тарифин  бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-1-пунктун жетекчиликке алып, коомдук  транспорттордун  туруктуу иштөөсүн, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жөнгө салууну камсыз кылуу максатында Нарын шаарынын  мэриясынын сунуш катын  Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, жана ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумундагы корутундусун угуп, талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом  кылат:

  1. Нарын шаарындагы электробус каттамдарынын  жүргүнчүлөр үчүн  жол кире  акысын бекитүү   жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги ХХХVI сессиясынын №10 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
  2. Нарын шаарындагы коомдук транспорттун (автобус, электробус) каттамдары үчүн жол кире акысы окуучулар үчүн 10 ( он)  сомго,  ал эми калган жалпы жүргүнчүлөр үчүн 20 (жыйырма) сомго бекитилсин.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                         Ж.Эсеналиев

 

 

Добавить комментарий