НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 5 -февралы № 1
Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоорунун II фазасынын алкагында алынган техникаларды жана жабдууларды Мамлекеттик финансылык холдинг ачык акционердик коомуна күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоорунун II фазасынын алкагында алынган техникаларды жана жабдууларды тиркемеге ылайык Мамлекеттик финансылык холдинг ачык акционердик коомуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.(тиркеме тиркелет).
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
Тиркеме Токтом №1 Куроого коюу
