НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 5 -февралы № 3
Чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мыйзам талаптарын ишке ашыруу максатында Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын аймагындагы ресторан, тойкана, кафелерде салтанаттуу иш-чараларды, тойлорду, маарекелерди, жогорудагы мыйзамга ылайык, саат 22:00-чейинки аралыкта толук жыйынтыктоо боюнча чектөөлөр киргизилсин.
- Тойкана, ресторан, кафелердин жана кызмат көрсөтүүчү жайлардын ээлерине бул токтомдун талаптарын так сактоо жагы милдеттендирилсин.
- Нарын шаардык мэриясына, ички иштер органдарына жана тиешелүү кызматтарга бул тескеменин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
