НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 5-февралы №16-т Нарын шаарынын мэри Ж.Немат уулунун 2025-жылга карата отчетун угуу жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН

ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын     5-февралы №16-т

 

              Нарын шаарынын мэри Ж.Немат уулунун 2025-жылга карата отчетун угуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктуна жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы чечим кылат:

  1. Нарын шаарынын экономика, өнөр-жай жана социалдык  тармактары  боюнча аткарылган иштери жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында Нарын шаарынын мэри Ж.Немат уулунун 2025-жылдын жыйынтыгы менен берген отчету эске алынсын жана канааттандыраарлык деп табылсын.
  2. 2025-жылы Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган жана аткарууга берилген токтомдорду, тескемелерди  өз убагында аткаруу жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан  тиешелүү мекемелер менен биргеликте төмөндөгүдөй иштер алынып барылсын:
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жетекчиликке алып, иш чараларды уюштуруу жагы колго алынсын;
  • Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 48-беренесин жетекчиликке алуу менен алдыдагы жылдарга карата Нарын шаарынын өнүктүрүү программасы Нарын шаардык Кеңешине сунушталсын;
  • Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууга, берилген план тапшырмаларды ашыгы менен аткарууга аракеттер көрүлсүн;
  • Нарын шаарындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган жалпы мекемеме-ишканаларга  иш жүргүзүүгө карата бөлүнгөн акча каражатын  максаттуу, мыйзамдуу пайдаланышына,   Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык финансы бөлүмү жана мекеме жетекчилери тарабынан өз убагында көзөмөлдүк жүргүзүлсүн;
  • Нарын шаарына инвестиция жана долбоорлорду тартуу менен чакан ишканаларды ачууга аракеттер көрүлсүн;
  • Нарын шаарындагы коомдук транспорттун саны, каттамдарынын убактысы, графиги такталып, көзөмөлдүккө алынсын жана электробустардын учурдагы абалы,  жол каттамдарына үлгүлтүксүз каттоосуна, GPS орнотуу, аялдамаларды жол жээгиндеги тиешелүү жерлерге коюу жагы колго алынсын жана көзөмөлдүк кылынсын;
  • Нарын шаарындагы светофорлордун тиешелүү жерлерге орнотулушуна жана иштөөсүнө көзөмөлдүк кылынсын;
  • 2026-жылдын жаз-жай айларына карата Нарын шаарынын тазалыгын камсыз кылуу, жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерин колго алууга, шаар ичиндеги шаардын көркүн бузган айрым, жарым- жартылай бузулган жана кулап калган имараттарды менчигинин түрүнө карабастан  калыбына келтирүү  жана оңдоп түздөө иштерине карата менчик ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп,  Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык муниципалдык  “Таза-Нарын” жана жашылдандыруу мекемелери тарабынан алгылыктуу иш аракеттер көрүлсүн жана тапшырмалар берилсин;
  • Нарын шаардык суу канал, жылуулук берүү, электр тармактар ишканалары тарабынан  дебитордук карыздарды жоюуга карата  иш аракеттер көрүлүп, шаар элине кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жагы тапшырылсын;
  • Нарын шаарынын борбордук базарынын айланасын тынымсыз көзөмөлдөө менен ирээтке келтирип туруу, өрт коопсуздугунун алдын алуу максатында соода борборлорунун жетекчилерине жана сатуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн;
  • Нарын шаарындагы көрүстөндөрдүн жер маселесин уюштуруу жагы колго алынсын;
  • Нарын шаарындагы христиан дининдеги маркумдардын сөөгү коюлуучу көрүстөндөрдүн айлана-чөйрөсүн ирээтке келтирүү, тосуу жагы колго алынсын;
  • Нарын шаарынын борборуна коомдук ажаткана курууга аракеттер көрүлсүн;
  • Нарын шаарынын ички көчөлөрүн асфальттоону улантуу иштеринин сапаттуу, талапка жооп бергидей жасалуусу көзөмөлдүккө алынсын, ал эми асфальт төшөөгө болбогон кыска көчөлөргө балласт төгүү жана түздөө иштери жүргүзүлсүн;
  • Нарын шаарындагы орто мектептердеги окуучулардын жана бала-бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын билиминин  сапатын жогорулатууга, билим берүү тармагынынын жалпы ишмердүүлүгүнө көңүл бурулсун;
  • Нарын шаарындагы №9 А.Садыков атындагы орто мектебинин имаратын өткөрүп алуудан мурда, курулуш иштеринин сапатына көңүл бурулсун;
  • Нарын шаарынын калкын сапаттуу медициналык тейлөөгө, жугуштуу оорулардын алдын алууга, жаш балдардын, эне, баланын өлүмүн азайтууга карата Нарын шаардык мэриясы, облустук бириктирилген ооруканасы жана үй бүлөлүк медицина борбору тарабынан өзгөчө көңүл бурулсун;
  • Индия өлкөсүнөн чыккан жугуштуу оорунун алдын алуу боюнча иш чарарлар уюштурулсун;
  • Нарын шаарындагы өлүккананын курулушу боюнча маалымат берилсин;
  • Мамлекеттик пособияларды чектөөдө, даректүү колдоо көрсөтүүдө, паспорттоштурууда, айрыкча калктын аярлуу катмарын тейлөөдө шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан жөлөкпулдарды алуучулардын баардык шартын жеринде  карап, тактоо жагы тапшырылсын;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Социалдык контрактардын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” №385 токтому жетекчиликке алынып, токтомдун аткарылышы боюнча иштер көзөмөлдөнсүн;
  • Жашы жете элек өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту, кылмыштуулукту болтурбоого жана алдын алууга өзгөчө көңүл бурулсун жана алгылыктуу иштер алынып барылсын;
  • Нарын шаардык “Таза-Нарын”, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканаларына, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө жана башка мекеме, ишканаларга жергиликтүү бюджеттен көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында бөлүнүп берилип, бирок өз убагында өздөштүрүлбөй калган бюджеттик каражаттардын максатсыз пайдаланышынын себептери тууралуу маалымат берүү Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын;
  • Нарын шаардык турак-жай башкармалыгынын ишмердүүлүгү, карыздарын жоюу   иштери боюнча  Нарын шаардык Кеңешинин токтомдорунун, тесемелеринин аткарылбагандыгы үчүн Нарын шаарынын мэринин орун басарынан  суралсын жана иш алып баруу жагы колго алынсын.

 

  1. Тескеменин аткарылышы боюнча маалыматты Нарын шаардык Кеңешине         2026-жылдын 20-майына    чейин берүү жагы тапшырылсын.
  2. Тескемин аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

      Төрага                                                                                                                                                                          Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий