НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-марты № 1
Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет)
- Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 29022,6 миң сом акча каражаты бекитилсин.
- Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен берилген 2445,7 миң сом акча каражаты бекитилсин.
- Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каржатынын планына Кырыз Республикасынын финансы министрлигинен алымча кошумча такташуулардан кийин 19300,1 миң сом такталган планы бекитилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына (Ж.Урустемов) жүктөлсүн.
- Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
