НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XХII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-марты №2
Нарын шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджети жана 2027-2028- жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык мэриясынын сунуш каттары боюнча Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаарынын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2027-2028-жылдардын болжолун, «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга Республикалык бюджетин жана 2027-2028-жылдардын болжолун бекитүү максатында Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаарынын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 350522,3 миң сом, анын ичинен салык жыйымдары 307859,3 миң сом жана салык эмес жыйымдары 42663,0 миң сом өлчөмүндө жана 2027-жылдын долбоору 396166,3миң сомго, 2028-жылдын долбоору 446062,3 миң сомго 1-2- тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2.Чыгашалар бөлүгү боюнча 350522,3 миң сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 74116,0 миң сом, маданият жана спорт тармагына 28011,4 миң сом, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат тармагына 36419,5 миң сом, турак жай жана коммуналдык кызмат тармагына 147395,4 миң сом, социалдык жеңилдиктерге 1000,0 миң сом жана башка категорияга кирбеген экономикалык маселелерге 63580,0 миң сом өлчөмүндө 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жана Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин негизги эмгек акылары жана кошумча үстөктөрдүн пайызы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасына жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек өргүүсүнө чыкканда дарылоо үчүн 1 (бир) айлык акы акча каражаты кошулуп берилсин.
5.Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын аймак башчылары жана аймак катчыларынын жол киресине ишкананын атайын каражатынан чогулган акча каражаттын эсебинен 94,6 миң сом жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин жол киресине мекеменин ар кандай чыгымдар беренесине каралган акча каражаттын эсебинен 50,0 миң сом төлөнүп берилсин.
- Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.
7.Нарын шаарынын муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысынан түшүүчү 13000,0 миң сом акча каражатын толук чогултуу Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын директорунун персоналдык милдети деп белгиленсин.
- Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 307859,3 миң сом каражатты бюджетке түшүрүү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматынын начальнигинин персоналдык милдети деп белгиленсин.
9.Нарын шаарынын муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын атайын каражатына чогулуучу 16000,0 миң сомду чогултуу Нарын шаарынын муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын директорунун персоналдык милдети деп белгиленсин.
10.Нарын шаардык мэриясына «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин чыгашаларына 3500,0 миң сом резервдик фонд түзүлсүн.
11.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун 4-пунктуна ылайык Нарын шаардык мэриясынынжана Нарын шаардык Кеңешинин техникалык жактан тейлеп иштеген кызматкерлеринин эмгек акысына бекитилген штаттык бирдикке ылайык, 30 пайызга чейин кошумча үстөк 2026-жылдын 12-январынан тартып, кошулуп берилсин.
12.Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы тапшырылсын.
13.Нарын шаарынын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2027-2028-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
14.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
15.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
16.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Ж. Эсеналиев
