НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6- марты № 10
Нарын шаардык муниципалдык реабилитациялык борбор түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 8-августундагы №191 “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамынын 46-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген, интеллектуалдык, физиологиялык, эмоционалдык, психикалык жактан жардамга муктаж балдарды окутуу, абалдарын жөнгө салуу жана алардын ата-энелерине психологиялык жактан жардам берүү жана колдоо максатында шаардык муниципалдык реабилитациялык борбор түзүүгө макулдук берилсин.
- Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына, тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
