НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-марты № 9
Күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын V бөлүмүнүн 19-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, трансорт, курулуш, архитектура, отун энергетикасы боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы М.Жусаев атындагы паркына орнотулуучу айланма аттракцион үчүн бөлүнүп берилген идентификациялык коду 4-05-01-0002-0957, 2000 (эки миң) чарчы метр жер тилкесин күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
- Күрөөгө коюу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
