НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 6-марты № 7 Нарын шаардык муниципалдык “Жашылдандыруу ” ишканасына кошумча 4 (төрт ) штаттык бирдик ачуу жөнүндө

 

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН

 ТОКТОМУ

 

 2026-жылдын 6-марты  № 7                                                                                                             

 

Нарын шаардык муниципалдык “Жашылдандыруу ” ишканасына кошумча

 4 (төрт ) штаттык бирдик ачуу жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»,мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,  Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык муниципалдык “Жашылдандыруу” ишканасына М.Сыдыков чөлкөмүнүн жол жээгинин кароолчусу 1 (бир) штаттык бирдик, манипулятор айдоочусу 1 (бир) штаттык бирдик, Хово жүк ташуучу унаанын айдоочусу      1 (бир) штаттык бирдик, механик 1 (бир) штаттык бирдик жалпы 4 (төрт) штаттык бирдик  ачылып берилсин жана  2026-жылдын апрель айынан баштап кошумча ишкананын штаттык бирдигине киргизилсин.
  2. Буга чейин ачылган 2 (эки) мезгилдик (сезонный) күнөскана жумушчулары штатынан  дайыма  иштөөчү күнөскана жумушчуларына которулсун.
  3. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына 4 (төрт) штаттык бирдикке алынган кызматкерлердин эмгек маянасын төлөп берүү        жагы 2026-жылдын апрель айынан   тартып жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

                   Төрага                                                                                                                   Ж.Эсеналиев

 

 

Добавить комментарий