НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 6-марты № 6 Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына кошумча 2 (эки) штаттык бирдик ачуу жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН

 ТОКТОМУ

 

 2026-жылдын 6-марты  № 6                                                                                                           

 

Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына кошумча 2 (эки) штаттык бирдик ачуу жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө» кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,  Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына, ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында алынып келинген жаңы техникалардын айдоочулары үчүн кошумча 2 (эки) штаттык бирдик (айдоочу) ачылып берилсин  жана ишкананын штаттык бирдигине киргизилсин.
  2. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына 2 (эки) штаттык бирдикке алынган кызматкерлердин эмгек маянасын төлөп берүү жагы   2026-жылдын апрель айынан тартып жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

                 Төрага                                                                                                                   Ж.Эсеналиев

 

 

Добавить комментарий