НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-марты №5
Нарын шаарындагы Асанов Иманакун атындагы Ден-соолукту чыңдоочу физкультуралык спорт комплексинин (ФОК-2) залын ижарага берүү акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, протоколунун чечимин эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы “Асанов Иманакун атындагы Ден-соолукту чыңдоочу физкультуралык спорт комплексинин” (ФОК-2) залын сабактардан тышкаркы убактарда саат 18:00 дөн кийин пайдалануу үчүн мекеме, ишканаларга жана жеке жактарга ижарага берүү акысынын тарифин ар бир саатына 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө бекитип берүүгө макулдук берилсин.
- Нарын шаарындагы жеке жактарга, облустук, шаардык, райондук, мекеме, ишканаларда эмгектенген жалпы кызматкерлерге жогорудагы тариф бирдей жайылтылсын жана төлөмсүз кирүүгө тыюу салынсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
