НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 6- марты № 3 Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

                      КЕЗЕКТЕГИ  ХХII СЕССИЯСЫНЫН

                                 ТОКТОМУ

 2026-жылдын  6- марты  № 3

            

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен

      акча каражатын бөлүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жектекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш каттарынын  негизинде   Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Калдыктар ” беренесинин эсебинен:
  • 2026-жыл үчүн түзүлгөн келишимдин графигине ылайык электробустардын кредити үчүн 12 513 166 (он эки миллион беш жүз он үч миң бир жүз алтымыш алты) сом;
  • Чоң таштанды контейнерлерин сатып алууга 74 (жетимиш төрт) даана, жалпы суммасы 1 856 000  (бир миллион сегиз жүз элүү алты миң) сом;
  • Кичине таштанды контейнерлерин сатып алууга — 356 (үч жүз элүү алты) даана 2 850 000 (эки миллион сегиз жүз элүү миң) сом;
  • Скважина куруу үчүн курулуш материалдарын сатып алууга 4 000 000 (төрт миллион) сом, жарыктандыруу иштерин жүргүзүүгө (Жаңы-Жол, Московский аймактарына) 8 386 200 (сегиз миллион үч жүз сексен алты миң эки жүз) сом;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                 18-ноябрындагы №693 токтомуна ылайык Нарын шаарына бөлүнгөн (ваучер) квотага балдардын бир жылдык тамактануусуна  181 440 (бир жүз сексен бир миң төрт жүз кырк) сом,
  • Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга 200 000 (эки жүз миң) сом;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы    №365 токтому менен бекитилген “Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө” типтүү жобонун 8-пунктуна ылайык 7 (жети) социалдык кызматкердин жол кирелери үчүн         385000 (үч жүз сексен беш миң) сом;
  • Нарын шаар аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында видеокөзөмөлдөрдү орнотууга керектүү жабдууларды сатып алууга     106 400 (жүз алты  миң төрт жүз) сом;
  • Нарын суу канал ишканасын стратегиялык обьектилерди атайын багыттагы куралдуу кайтарууга субсидия катары жана саркынды сууларды чыпкалоого-хлорго жалпысы        3 517 000 ( үч миллион беш жүз он жети миң ) сом,
  • Нарын шаардык мэриясына микроавтобус алуу үчүн кошумча каражат катары  1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
  • Нарын шаардык жалпы билим берүүчү мектептердеги “Дүрбөлөң баскычтары” үчүн кызмат көрсөтүүсүнө 350 280 ( үч жүз элүү миң эки жүз сексен) сом;
  • Калдыктар беренесинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен муниципалдык чарба ишканаларынын техникалык паркын жаңылоо жана жетишпеген атайын техникаларды сатып алууга 32 000 000 (отуз эки миллион), Нарын-Суунун жээгиндеги аллеяны курууга 8 000 000 (сегиз миллион)  сом, жалпысы 40 000 000 (кырк миллион ) сом;
  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзуна мүчөлүк акысы 200 000 (эки жүз миң) сом;
  • КРнын 2024-жылдын 19-февралындагы №52 “Аксакалдар соту жөнүндө” мыйзамынын 38-беренесине ылайык Нарын шаардык Аксакалдар Сотуна 100 000 (жүз миң) сом;
  • 21-март Нооруз майрамына карата Республикалык деңгээлде иш чара уюштуруу үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом;
  • Нарын шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнө иш чараларды өткөрүүгө 500 000 (беш жүз миң) сом;
  • “Самансур Ата” көчөсү №17а дарегинде жайгашкан идентификациялык коду №4-05-01-0001-1055, жалпы аянты 48 072,53 чарчы метр жер тилкесин сатып алууга алынган кредиттин кезектеги төлөмүнө  1 612 276 (бир миллион алты жүз он эки жүз миң эки жүз жетимиш алты ) сом,  бардыгы 78 757 762 (жетимиш сегиз миллион жети жүз элүү жети миң жети жүз алтымыш эки) сом  өлчөмүндөгү акча каражаты  бөлүнүп берилсин.

2.Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык чыгымдар” беренесинин эсебинен:

  • Үлүштүк дем берүүчү гранттарды кош каржылоого өздүк салым катары “Тянь-Шань” паркынын тосмосун жаңыртууга, С.Чаначев, Ленин көчөсүнөн Ж.Шералиев көчөсүнө чейин батыш тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө, С.Орозбак көчөсүнө Андабеков көчөсүнөн Ак-Мөөр көчөсүнө чейинки түндүк тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө, С.Орозбак, Чоробаев көчөсүнөн райондук ооруканасына чейинки түндүк тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү  Ак-Мөөр көчөсүнө С.Орозбак көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейинки эки тараптуу тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө, К.Жакыпов атындагы №5 орто мектебине кичи футбол аянтчасын курууга, Буйлаш уулу Арстанбек атындагы №8 орто мектептин айланысынын тосмосун жана мектептин  кире беришин брусчаткалоого жана  “Ак-Дил” бала бакчасынын тепкичин капиталдык ремонттон өткөрүүгө жалпы 8 748 543,5 (сегиз миллион жети жүз кырк сегиз миң беш жүз кырк үч миң сом, элүү тыйын) ;
  • Көчөттөрдү сатып алууга 3 000 000 (үч миллион) сом,
  • “Жаркын келечек” балдар бакчасынын имаратына суу жана суу түтүгүн киргизүүгө 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом, бардыгы 12 948 543,5 (он эки миллион тогуз жүз кырк сегиз миң беш жүз кырк үч сом 50 тыйын)  өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде, бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.

4.Бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

5.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча”  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                         Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий