НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29 –апрели №9
Нарын шаарынын Мусурманкулов көчөсүндөгү жеке менчик үйлөр салынган 4000 чарчы метр жер аянтын П-1 зонасынан Ж-3 зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын 34-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин” жетекчиликке алып, Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын бүтүмүнүн негизинде, Нарын шаарынын Мусурманкулов көчөсү 11а,11б,11в,11г,11д,11ж,11з,11/4 үйүнүн жашоочуларынын арызын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумуну карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаарынын Мусурманкулов көчөсү 11а,11б,11в,11г,11д,11ж,11з,11/4 дарегиндеги жеке менчик үйлөргө тиешелүү 4000 чарчы метр жер аянтын П-1 (өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын) зонасынан Ж-3 ( зона смешанной жилой застройки) зонасына которууга макулдук берилсин.
2.Ж-3 зонасына которуудагы тиешелүү иш кагаздары боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына жана Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб -сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиев
