НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29–апрели №8 Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсү № 4 “в» дарегиндеги 884,0 чарчы метр жер тилкесинин зонасын которууга макулдук берүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ

2026-жылдын  29–апрели №8

 

Нарын шаарынын Мырзабеков  көчөсү № 4 “в” дарегиндеги 884,0  чарчы метр  жер тилкесинин  зонасын которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин” жетекчиликке алып, Нарын шаарынын Мырзабеков  көчөсү        4в дарегинин  жашоочусу С.Исабекованын арызынын, Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын бүтүмүнүн негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы Мырзабеков көчөсү № 4”в” дарегиндеги жеке менчик    884,0 (сегиз жүз сексен төрт) чарчы метр  жер тилкесин   П-1 (зона промышленных и производственных предприятий) зонасынан  Ж-2 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки) зонасына которууга макулдук берилсин
  2. Ж-2 зонасына которуудагы тиешелүү иш кагаздарын  мыйзам чегинде    жүргүзүү  жагы  Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына жана Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
  4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет

 

 

                                                Төрага                                                                                               Ж.Эсеналиев

  

 

Добавить комментарий