НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29–апрели №10 Жер тилкелеринин багытын өзгөртүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН                            

  ТОКТОМУ

                                              

2026-жылдын  29–апрели  №10

         Жер тилкелеринин багытын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органы  жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин” жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаары, Раззаков көчөсү н/ж дарегиндеги индентификациялык коду 4-05-01-0002-0400 жалпы аянты 76090,0 чарчы метр, иш жүзүндө имараттары бар жер тилкеси, Нарын шаары, И.Раззаков көчөсү №76/3 дарегиндеги идентификациялык коду 4-05-01-0002-0951 жалпы аянты 46800,0 чарчы метр, иш жүзүндө имараттары  бар жер тилкеси, Нарын шаары, Раззаков көчөсү н/ж дарегиндеги идентификациялык коду 4-05-01-0002-0399 жалпы аянты   41705,0 чарчы метр жер тилкелери жана №2025 аскер бөлүгүнө тиешелүү болгон Нарын шаары, С.Орозбак көчөсү №2 дарегиндеги жайгашкан идентификациялык коду 4-05-02- 0001-1409, жалпы аянты 100458,50 ч.м. тилкеси, Нарын шаары, Раззаков көчөсү н/ж, идентификациялык коду 4-05-01-0002-0432 аянты     20670,0 чарчы метр жер тилкеси, Нарын шаары, Разаков көчөсү   н/ж, идентификациялык коду 4-05-01-0002-0434 аянты 12898,0 чарчы метр жер тилкелери С-2 (өзгөчө режимдеги зона- мамлекеттик атайын уюмдардын, мекемелердин жана аскер бөлүктөрүнүн аймагы) багытынан Ц-1 (шаардын борбордук зонасы) багытына которулсун.
  2. С-2-багытынан Ц-1 багытына которуудагы тиешелүү иш кагаздары боюнча  мыйзам чегинде иш алып баруу жагы  Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                                           Төрага                                                                                                        Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий