НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-апрели № 11
Буздурууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын С.Орозбак көчөсү №2 дарегинде жайгашкан мурунку аскер бөлүгүндөгү идентификациялык коду №4-05-02-0001-1305-18 жана №4-05-02-0001-1305-19 жайгашкан 78,44 чарчы метр, 80,73 чарчы метрди түзгөн эскилиги жеткен имараттарды (иткана жайлары) буздурууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиев
