НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-апрели № 11 Буздурууга макулдук берүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН                            

  ТОКТОМУ

                                              

2026-жылдын   29-апрели   № 11

Буздурууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын   34-беренесин,   Кыргыз Республикасынын ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын  19-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын С.Орозбак көчөсү №2 дарегинде жайгашкан мурунку аскер бөлүгүндөгү идентификациялык коду №4-05-02-0001-1305-18 жана   №4-05-02-0001-1305-19 жайгашкан 78,44 чарчы метр, 80,73 чарчы метрди түзгөн эскилиги жеткен имараттарды (иткана жайлары)  буздурууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

                                                 Төрага                                                                                                        Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий