НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХV СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 30-апрель №1 Нарын шаары Сагынбай Орозбак уулу көчөсү №2/3 жана №2/4 даректериндеги жер тилкелерин “Мамлекеттик ипотекалык компаниясына” өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХХV СЕССИЯСЫНЫН                            

  ТОКТОМУ

                                              

2026-жылдын   30-апрель  №1

 

Нарын шаары Сагынбай Орозбак уулу көчөсү №2/3 жана №2/4 даректериндеги жер тилкелерин  “Мамлекеттик ипотекалык компаниясына” өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

   Кыргыз Республикасынын ”Мүлккө муниципалдык менчик   жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз                   Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы  ПЖ №10 “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз                      Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча      чаралар   жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Нарын шаарындагы Сагынбай Орозбак уулу көчөсү, 2/3 жана 2/4                                  даректериндеги идентификациялык коду   4-05-02-0001-1453 жана 4-05-02-0001-1454 болгон, аскердик казарманын имараты жайгашкан жер тилкелерин “МИК” ААКнын пайдалануусуна ɵткɵрүп берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык                      Кеңешинин алдындагы  ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт,      экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун  угуп, талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы     токтом кылат:

  1. Нарын шаары Сагынбай Орозбак уулу көчөсү №2/3 жана №2/4 даректериндеги идентификациялык коду: 4-05-02-0001- 1453 аянты, 6222 чарчы метр жер тилкеси  жана идентификациялык коду  4-05-02-0001-1454 аянты, 5303, 5 чарчы метр жер тилкеси  Ачык Акционердик Коому “Мамлекеттик ипотекалык компаниясына” өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Жер тилкесин өткөрүп берүүдөгү иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

                                              Төрага                                                                                       Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий