НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXIII  СЕССИЯСЫНЫН

     №  4  ТОКТОМУ

 

 

17-июнь 2015 -жыл                                                                                      Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин «Республика» фракциясынан  шаардык Кеңештин депутаты У.Ж.Жаанбаевдин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча берген арызын кароо жөнүндө

 

            Нарын шаардык Кеңешинин «Республика» фракциясынын депутаты Жаанбаев Улан Жунусович депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн 2015-жылдын 11-июнунда Нарын шаардык Кеңешине арыз менен кайрылган.

            Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин «Республика» фракциясынан депутат Жаанбаев Улан Жунусовичтин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызын карап, талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. «Республика» фракциясынын депутаты Жаанбаев Улан Жунусовичтин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жазган арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 7-бөлүмүнө ылайык арызы канааттандырылсын.
  2. Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Мыйзамынын 52-беренесине ылайык « Республика» партиясынын Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарына талапкерлердин тизмесиндеги кийинки катардагы талапкердин мандатын таанып берүү жагы Нарын шаардык аймактык шайлдоо комиссиясынан суралсын.
  3. Бул токтом Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

            Төрага                                                           Э.Турсуналиев        Каттоо№2015-21                                            _______________________________________________________________________  Жөнөтүлсүн: иш кагазга, У.Жаанбаевге, АШКга

Обсуждение закрыто.