НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX I I I СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН     XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ            XX I I I  СЕССИЯСЫНЫН

№  1  ТОКТОМУ

            17-июнь 2015-жыл                                                                                                          Нарын шаары

                                                                                           

Нарын шаардык Кеңешине жана шаардык Кеңештин алдындагы  «Ата Мекен»  фракциясына Нарын  шаарынын тургуну, 7-апрель Баатыры Жумагүл  Абдылдаевадан   жана Нарын шаарындагы №18-«Ак Дил» бала бакчасынын эмгек жамаатынан   келип түшкөн арыздардын  негизинде Нарын шаардык Кеңешинин №5б Буйругунун негизинде түзүлгөн убактылуу комиссиянын   жана «Социалдык, билим берүү,  саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө

              Ж.Абдылдаева өз арызында Нарын шаарындагы №17- «Ынтымак» балдар бакчасынын  М.Алиеванын учурдагы алып барып жаткан иштерине          нааразычылыгын билдирип, бала             бакчадагы балдарга (тарбиялануучуларга) берилип жаткан тамак аштын сапатсыздыгына жана нормага ылайык келбегендиги туурасында жана ошондой  эле жылына 1 жолу ата энелерден балдар үчүн фондго ыктыяры менен төлөнүүчү 544 сом (беш    жүз кырк төрт сом) өлчөмүндөгү  чогултулган акча каражатынын максатсыз пайдаланып жаткандыгы, башкача айтканда балдарга ушул акча каражаттын эсебинен канцтоварлар (кагаз, ручка,карандаш, пластиллин, даарат кагаздар ж.б) алыныш керек болсо, бала бакчанын директору ата энелерден мындан сырткары дагы акча чогултугандыгы туурасында    арызда көрсөтүлгөн. Шаардык мэрия тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы №755 токтом менен бекитилген ата энелерден өз ыктыяры менен алынуучу  544 сом  боюнча текшерүү келгенде бул  фактлар аныкталып, мындан тышкары каражаттарды чогулткандыгы үчүн КРнын Эмгек Кодексинин 146 -беренесине ылайык директор М.Алиевага  шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан «Сөгүш» тартиптик чарасы берилген.

             Жогорудагы шаар тургунунун жана ата эненин арызынын негизинде Нарын шаардык      Кеңеши №5б Буйруктун негизинде убактылуу комиссия түзүп, атайын түзүлгөн комиссия                  шаардык Кеңештин алдындагы «Социалдык, билим берүү саламаттык сактоо,  маданият жана              спорт»  боюнча туруктуу комиссиясы менен бирдикте жогорудагы маселелер боюнча        шаарыбыздагы баардык бала бакчалардын алып барып жаткан иштери , балдарга берилип       жаткан тамак аштарынын сапатын,рационун, чогултулган акча каражаттарынын максаттуу                 пайдаланышын билүү максатында текшерүү жана таанышуу  иштери жүргүзүлгөн. Текшерүү убагында  №17-«Ынтымак» балдар бакчасынын ашканасынын тамак аш              продукциясын сактоочу жайынан завхоз Н.Кемелованын берген маалыматы боюнча сактоочу жайда 81 кг 920 гр эт болуш керек болсо, таразага тартылгандан кийин 45 кг гана эт сакталып тургандыгы аныкталып, натыйжада акт түзүлүп, бала бакчанын директору М.Алиева жана комиссия мүчөлөрү тарабынан   актга     кол коюлган. 

             №14-«Алтын балалык» балдар бакчасынын балдардын тамак ашын сактоочу жайында комиссия тамак аш продукциясынын калдыктарын (остаток) алган учурда  таруу 70 кг болуш керек болсо, калдык боюнча 23 кг жетпей калган, ал эми кум шекер 44 кг болуш керек  болсо, 6 кг жетпейт, вермишель 19 кг болуш керек болсо, 8 кг жетпейт, овсянка 26кг 300гр болуш     керек болсо сактоочу жайда жок болуп чыккан.Ал эми пияз 146 кг калдык калыш керек болсо,  сактоочу жайда 208 кг сакталып тургандыгы аныкталып, жогорудагы жетишпегендиктер               менен ашып кетүүлөрдүн негизинде бала бакчанын директору Н.Байбосова ,чарба иштери              боюнча башчы Н.Оторбаева  жана комиссия мүчөлөрү менен бирдикте акт түзүлүп кол    коюлган.

             Ал эми, №15-«Бактылуу балалык», №16-«Ыйман», «№2-Чебурашка» бала бакчаларында жогорудагы        маселелер боюнча эч кандай жетпей калуулар жана ашып кетүүлөр болгон эмес.

             Шаарыбыздагы №18-«Ак Дил» бала бакчасынын эмгек жамаатынын атынан келип түшкөн арыздын негизинде жогорудагы комиссия жеринде барып карап, эмгек жамааттын көйгөйлөрү, жетекчилик менен болгон келишпестиги туурасында, балдардын тамак ашка ата энелер тарабынан төлөнүүчү 600 сом өлчөмүндөгү акча каражатынын максаттуу пайдалышы               боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, балдардын тамак ашы үчүн айына 1 жолу ата энелер тарабынан төлөнүүчү 600 сом өлчөмүндөгү акча каражатынын максатсыз пайдалангандыгы жана 544 өлчөмүндөгү ыктыярдуу фондго төлөнүүчү акча каражатынын ирээтстз пайдалангандыгы аныкталып, натыйжада бала бакчанын башчысы  Н.Асипбаеванын   бала бакчанын эмгек жамааты менен мамилеси келишпей калгандыгына байланыштуу, жана    ошондой эле айрым кемчиликтердин негизинде бала бакчанын башчысынын мындан аркы иш            алып баруусуна мүмкүн болбой калгандыгынан улам жетекчи Н.Асипбаева өз макулдугу менен   арыз жазып ээлеген кызмат ордунан бошоду. Ошондой эле эмгек жамааттын Нарын шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн адистери А.Мурзакановага , Э.Асангазы кызына, Нарын шаарынын вице мэри С.Эсенамановага болгон                 нааразычылыктарын билдиришип, жетекчи Н.Асипбаева ишембилик болгон күндөрү үчөөнө                 чай беришим керек ,куурдак куургула деп балдардын тамак ашынан алып чай берээрин билдиришкен.Балдардын тамагынан кыскартып койгула деп келген. Бала        бакчага поставшиктер тарабынан эт келип түшкөн сайын куурдак кууртуп жешет мэриянын 3                 кызматкери деп ачыктан ачык айтып, комиссияга даттанышкан.

            

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт» боюнча туруктуу комиссиясынын жана №5 б буйругу менен түзүлгөн Нарын шаардык Кеңешинин убактылуу              комиссиясынын мүчөлөрүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Нарын шаардык             Кеңешинин сессиясы               

                                                                                                ТОКТОМ КЫЛАТ

1.       Нарын шаарындагы бала бакчалардын балдарга (тарбиялануучуларга) берилип жаткан тамак аштын сапаттуулугу, рациону, акча каражаттарынын максаттуу пайдаланышы туурасында «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жана атайын №5 б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын төрагасы Э.Аскаровдун билдирүүсү эске алынсын.

2.       №14-«Алтын балалык» балдар бакчасында чарба иштери боюнча башчысы (завхоз) Н.Оторбаева тарабынан кетирилген кемчиликтери белгиленсин жана жумуштан четтетүү жагы бала бакчанын директору Н.Байбосовага милдеттендирилсин. Бала бакчанын тамак аш продукциясынына көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана ишке көңүл кош мамиле жасагандыгы үчүн  директор Н.Байбосовага чара көрүү жагы Нарын шаардык билим  берүү бөлүмүнүн башчысы У.Турсуновго тапшырылсын.

3.       Нарын шаарындагы №17 «Ынтымак» балдар бакчасынын чарба иштери боюнча башчысы Н.Кемелова тарабынан кетирилген кемчиликтер белгиленсин жана жумуш ордунан четтетүү жагы каралсын. Жетекчилик тарабынан бала бакчанын ишине жетекчилик тарабынан көзөмөлдүк жүргүзүлбөгүндүктөн жана аталган кемчиликтер системалуу түрдө кайталанып жаткандыктан, директор М.Алиеванын ишке болгон шалаакылыгы деп белгиленсин жана шаардык Кеңештин сессиясына чакырылгандыгына карабастан тоготпостук  мамиле жасоо менен сессияга катышпагандыгы көрсөтүлсүн жана  ээлеген кызмат ордунан алуу жагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы У. Турсуновго милдеттендирилсин.

4.       Шаарыбыздагы №18 «Ак Дил» бала бакчасынын башчысы Н.Асипбаеванын берген арызынын негизинде кызмат ордунан четтетилсин жана максатсыз пайдаланылган акча каражаттар толугу менен Н.Асипбаева тарабынан  калыбына келтирилишин   көзөмөлдүккө алуу жагын  Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Турсуновго тапшырылсын.

5.       Нарын шаарындагы бала бакчалардын ишине үзгүлтүксүз мониторинг иштерин жүргүзүү, иш кагаздарын бир типтүү жана ирээттүү алып баруу боюнча иш жүргүзүү шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.

6.       Нарын шаарынын жалпы мектептерин жана бала бакчаларын түздөн түз тейлөөдө көзөмөлдүк жүргүзбөгөндүктөн, ишке болгон шалаакылык мамилеси белгиленсин  жана  иш кагаздарынын ирээтсиздигинен улам баш аламан иш алып баруунун негизинде системалуу түрдө кемчиликтерге жол бергендиктен Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси А.Ашыралиеванын кызмат абалын кароо  жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы У .Турсуновго милдеттендирилсин.

7.       Буга чейин мектептердеги жана бала бакчалардагы кетирилген кемчиликтер аныкталса дагы эч кандай тыянак чыгарылбастан, бүгүнкү күндө  кетирилген кемчиликтер кайталангандыктан билим берүү бөлүмүнүн алып барып жаткан иштери канаатандыраарлык эмес деп табылсын. Билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин кызмат абалын  чечүү жагы тиешелүү министрликке сунушталгандыгына карабай кызмат ордунда иштеп, бирок ошол эле аныкталган кемчиликтердин кайра  кайталануусуна жол бергендиги жана системалуу мониторинг иштери жоктугунан, бала бакчалардын  иштери начарлап кетүүсүнүн негизинде Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Турсуновду ээлеген кызмат ордунан мурунку жана учурдагы  кетирилген кемчиликтерин эске алуу менен  четтетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо жагы кайрадан Нарын шаарынын мэри Р.Н.Адиевге милдеттендирилсин.

8.       Бала бакчалардын жүргүзгөн иштерине учурунда өз деңгээлинде  көзөмөл  жүргүзбөгөндүктөн, бир катар кемчиликтерге кайталанып жол бергендиктен, көзөмөлдүктүн жоктугунан  бала бакчаларда өз билемдик иштер өкүм сүрүү  менен иштер өз деңгээлинде алып барылбай, ишиндеги орчундуу кемчиликтери үчүн Нарын шаарынын вице мэри С.Эсенамановага жана Нарын шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн адистери Э.Асангазы кызына, А.Мурзакановага катуу  чара көрүү жагы   Нарын шаарынын мэри Р.Н.Адиевге тапшырылсын.

9.       Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алууну өзүмө калтырамын.

 

Төрага                                                                                                Э.Турсуналиев          Каттоо№2015-18

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, билим берүү бөлүмүнө;

Обсуждение закрыто.