НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXIХ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 22 -сентябры №4 УРАЛ-4320 АТМЗ авто унаасын муниципалдык баланска алуу жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХXIХ  СЕССИЯСЫНЫН                            

  ТОКТОМУ

                                              

2026-жылдын    22 -сентябры №4

 

УРАЛ-4320 АТМЗ авто унаасын муниципалдык баланска алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын    34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаарынын мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология  боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусун  угуп,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы УРАЛ-4320 АТМЗ (шасси №106030, 1988-жылы өндүрүштөн чыккан) үлгүсүндөгү атайын автоунааны Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык балансына өткөрүп алууга  макулдук берилсин.
  2. Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэриясына тапшырылсын.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Токтомдун аткарылышы “Муниципалдык, менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология  боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.

 

                                                  Төрага                                                                                                       Ж.Эсеналиев

 

Добавить комментарий