НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXIХ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 22-сентябры №3 Нарын шаарындагы панорамалык аттракционду «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомуна күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХXIХ  СЕССИЯСЫНЫН                            

  ТОКТОМУ

                                              

2026-жылдын     22-сентябры №3

 

Нарын шаарындагы панорамалык аттракционду «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомуна күрөөгө коюуга  макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 14-октябрындагы   №634-т тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын ортосунда 2024-жылдын 14-ноябрында кредиттик келишимдин 4.10 пунктуна ылайык, кредиттин алкагында сатылып алынган панорамалык аттракционду «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомуна күрөөгө коюу каралган. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаарынын мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусун  угуп,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Кредиттик келишимдин талаптарын аткаруу максатында кредиттин алкагында сатылып алынган панорамалык аттракционду «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомуна күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
  2. Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэриясына тапшырылсын.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Токтомдун аткарылышы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.

 

                                   Төрага                                                                                                       Ж.Эсеналиев

 

Добавить комментарий