НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXIХ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 22-сентябры №7 Сот кызматкерлерине кызматтык үйүн жана “Сот Адилет үйүн” курууга кайрадан жер тилкелерин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Нарын шаардык Кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги ХХVIII сессиясынын 2026-жылдын 20-июлундагы №7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХXIХ  СЕССИЯСЫНЫН                            

  ТОКТОМУ

                                              

2026-жылдын     22-сентябры  №7

 

Сот кызматкерлерине кызматтык үйүн жана  “Сот Адилет үйүн” курууга кайрадан жер тилкелерин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Нарын шаардык Кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги ХХVIII сессиясынын 2026-жылдын  20-июлундагы №7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаарынын мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология  боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусун  угуп,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Сот кызматкерлерине кызматтык үйүн жана  “Сот Адилет үйүн” курууга кайрадан жер тилкелерин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү” Нарын шаардык Кеңешинин   VI чакырылыштагы кезектеги ХХVIII сессиясынын 2026-жылдын 20-июлундагы  №7 токтомунун 3-пунктундагы “Ленин көчөсү 54«а» дарегиндеги, идентификациялык коду 4-05-02-0001-1435 жана Ленин көчөсү 54 “б” дарегиндеги, идентификациялык коду           4-05-02-0001-1434 болгон жер тилкелеринин аянты – 33, 0 (отуз үч) сотых жер жер тилкелери”-деген сөздөр, “Ленин көчөсү 54«а» дарегиндеги, идентификациялык коду 4-05-02-0001-1435  аянты 1547,75 чарчы метр жана Ленин көчөсү 54 “б” дарегиндеги, идентификациялык коду 4-05-02-0001-1434 жер аянты 1708,25 болгон жер тилкелеринин аянты,  жалпы – 3256,0, 0 чарчы метр жер жер тилкелери”— деген сөздөр менен алмаштырылсын.
  2. Ушул токтомдун калган пункттары толугу менен  өзгөртүүсүз калтырылсын.
  3. Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэриясына тапшырылсын.
  4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  6. Токтомдун аткарылышы “Муниципалдык, менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология  боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.

                                   

                                            Төрага                                                                                                       Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий