НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХIХ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 22- сентябры № 6
Нарын шаарынын Боогачы көчөсү №115, №116, №117 даректериндеги жер тилкелеринин багытын которуу жөнүндө
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин” жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын Боогачы көчөсү №115.№116,№117 даректериндеги жер тилкелеринин Р-4 (зона территорий специальных зеленых насаждений) багытынан , Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки ссодержанием скота) багытына которулсун.
- Р-4 багытынан Ж-1 багытына которуудагы тиешелүү иш кагаздары боюнча Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Муниципалдык, менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
