НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXII СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

              XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ  XXII  СЕССИЯСЫНЫН           

№  1 ТОКТОМУ

24-апрель   2015-жыл                                                                                                                                                    Нарын шаары

Нарын шаарына Европалык  реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан насыя алууга макулдук берүү жөнүндө

Нарын шаарынын суу менен жабдуу тутумдарынын куруусу 1960-1964-жылдары  башталып, керектөөчүлөрдүн суу чыгымынын көлөмүнө жана суунун айланыш шарттарына каралган. Бирок калктын санынын өсүшүнө, суу түтуктөр жана агымдылоо тутумдарынын эскирүүсүнө байланыштуу, Нарын шаарынын суу түтуктөрүн  жана агымдылоо тутумдарынын жабдууларын реабилитациялоого жана реконструкциялоого муктаж.                                                                Нарын шаарынын калкын суу менен камсыз болуусу, кубаттуулугу 7,26 миң метр куб болгон “Ак-Бечел”, Чыгыш жана Батыш үч башкы суу алгыч аркылуу ишке ашат.Суу тутуктөр тутумунун жалпы узундугу 103,63 км.түзөт. Нарын шаарынын инженердик инфроструктурасын камсыз кылуу үчүн, дээрлик чоң суммадагы акча каражаты керектелет. Ал эми Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин акча каражаты бул иштерди аткарууга жетишсиз.Андыктан маселени чечилиши тышкы жана ички инвестицияларды тартуу менен гана ишке ашат.                               

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик аганттиги жана Нарын шаардык мэриясы суу түтукторүн жана агындылоо тутумдарын реабилитациялоо  үчүн финансылык Кайрылуу менен Европалык реконструкциялоо жана өнуктүрүү банкына кайрылган.                                                            

Учурда долбоор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын эске алып, Европалык реконструкциялоо жана өнуктүрүү банкы “Нарын шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоорун колдоо жөнундө чечим кабыл алган.                      

Долбоордун максаты Нарын шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу менен “Нарын суу канал” ишканасына колдоо көрсөтүү.                    Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында Нарын шаарына Европалык реконструкциялоо жана өнуктүрүү банкынан 2 млн евро  насыя алууга  жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Нарын шаардык мэриясына субкредиттик макулдашуу түзүүгө макулдук берүүгө шаардык мэрия   2015-жылдын 22-апрелинде №03/598 сунуш каты менен кайрылышкан.                                                                                                        

  Нарын шаарына Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 2 млн евро  насыя алууга  жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Нарын шаардык мэриясына субкредиттик макулдашуу түзүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. Нарын шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу менен “Нарын суу канал” ишканасына колдоо көрсөтүү долбоорунун негизинде Нарын шаарына Европалык реконструкциялоо жана өнуктүрүү банкынан 2млн евро насыя алууга макулдук берилсин.

  2. Насыя алуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Нарын шаардык мэриясынын ортосунда субкредиттик макулдашуу түзүүгө макулдук берилсин.

   Төрага                                                                                                            Э.Турсуналиев

 

____________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  Кыргыз Республикасынын финансы минстрлигине,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура,  курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине, шаардык мэрияга, суу канал ишканасына

Обсуждение закрыто.