НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 2-октябры №2 Нарын шаары Нарын шаарынын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план бекитүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын   2-октябры   №2                                                                                                                               Нарын шаары

    

Нарын шаарынын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план бекитүү жөнүндө

 

             Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып,  Нарын шаарынын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө жыл ичинде кошумча түшүүчү каражаттарды өз убагында бюджеттик планга киргизүү жана аларды шаардын маанилүү социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык муктаждыктарына багыттоо максатындагы Нарын шаардык мэриясынын сунуш  катын  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, корутундусун угуп, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. 2026-жылдын ичинде «Салык агенти төлөөчү киреше салыгы» боюнча жергиликтүү бюджетке кошумча 40 000 000 (кырк миллион) сом өлчөмүндө түшүүүчү киреше Нарын шаарынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына кошумча киреше катары киргизилсин жана  тиешелүү өлчөмдө бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планына, “Экономикалык чыгымдар” беренесине бектилсин .
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

                                                                                                              

                    Төрага                                                                                                                                            Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий